Витрувий (латынча Marcus Vitruvius Pollio) – Рим архитектору жана инженер (б. з. ч. 1-кылым). «Архитектура тууралуу он китеп» аттуу байыркы архитехтуралык трактаттын автору (китеп биздин күнгө чейин сакталган). Китепте шаар куруу, инженердик-техникалык жана сүрөт маселелери каралып, грек жана рим эллиндик зодчийлигинин тажрыйбасы жалпыланган. Архранын техникалык жана эстетикалык аспектилери аркылуу «бышык, пайдалуу жана кооз» имараттарды куруу талабы келтирилген. Витрувийдин трактаты 15-кылымда кунт коюп үйрөнүлгөн жана 17-18-кылымдагы архитехтуралык ордерлердин канондук формасын иштеп чыгууда маанилүү роль ойногон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү