Витте Сергей Юльевич [17(29). 6. 1849, Россия империясы, Тифлис шаары, 28 (13). 2 (3). 1915, Россия империясы, Петроград шаары] – орус мамлекеттик ишмери; Петербург Илимдер Академиясынын ардактуу мүчөсү (1893). Байланыш жана жолдор, финансы министри (1892-93); Министрлер комитетинин (1903-05), министрлер советинин (1905-06) төрагасы. Орус капитализминин өөрчүшүнө көмөктөшкөн саясат жүргүзүп, чет элдик капиталдын тартылышын колдогон. Виттенин демилгеси боюнча шарап монополиясы киргизилип (1894), Сибирь темир жол магистралы курулган; акча реформасы жүргүзүлүп (1897), ага ылайык кредит акчасын алтынга эркин айырбаштоо тартиби орнотулган. Тышкы саясатта орус-француз союзун чыңдоону жактаган. Портсмут тынчтык келишимин (1905) түзгөн делегацияны башкарган. 1905жылдагы революция учурунда ал падыша Николай IIи 17-октябрдагы Манифестти жарыялоого жана мамлекеттик Думаны чакырууга ынандырган. Витте 1906-ж. отставкага чыккан. Падыша өкмөтүнүн тышкы саясатын баяндаган «Эскерүүлөр» (1907-12) эмгегин жазган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү