Вишакхапатнам (англисче Visakhapatnam), Визаг – Андхра-Прадеш штатындагы (Индия) шаар. Калкы 1 730;320 млн (2013). Бенгал булуңундагы табигый гаванда жайгашып, 1683-ж. англиялык фактория катары негизделген. Индиянын башкы деңиз портторунун бири (жылына 50 миң т жүк ташылат). Калькутта Ченнаи магистралындагы темир жол түйүнү. Аэропорт, университет, музей (суу астындагы кемелер), театр, зоопарк бар. Вишакхапатнaм ири өнөр-жай борбору. Кара жана түстүү металлургия (цинк), кеме куруу, нефть ажыратуу, минералдык жер семирткичтер өнөр-жай өндүрүшү иштейт. Балык кармалат. Шаарга жакын Согуш-деңиз базасы, Симанчалам храмы жайгашкан.

Вишакхапатнам.

Колдонулган адабияттар түзөтүү