Вишлист (от англ. wish list) — Англис тилинин "wish list" деген сөзүнөн алынган, кыргызча "каалоолордун тизмеси" же "максаттардын топтому" дегенди түшүндүрөт. Вишлист – адам каалап жаткан буюмдарды сатып алуyну, иш-аракеттерди жасоону билдирген тизме. Максаттардын топтомун баракка же тактайчага жазып көрүнүктүү жерге, бөлмөгө илип коюу керек. Аны такай окуп туруу максаттарга жол ачат. Мисалы, адам сууда сүзүүнү же көп акча табууну каалап жатса, бул ага мотивация болуп бере алат. Тарыхына таянсак, вишлист жаңы жыл алдындагы балдардын Санта Клауска жазган каттарына байланыштуу. Бул процесске ата-энелер катышып, балдарына күтүүсүз белек даярдашкан. Албетте, балдар муну Санта Клаустан келген белек деп түшүнүшкөн. Америка маданиятынын бир бөлүгүнө айланган вишлист ХХ кылымдан тартып башка өлкөлөргө да таркай баштаган.

1990 жылы жазылган вишлист

Дагы караңыз түзөтүү