Выcоцкий Владимир Семёнович (25-январь 1938, СССР, Москва шаары – 25-июль 1980, ошол эле жер) – советтик акын, ырчы, актёр. 1956-ж. Москвадагы Вл. И. Немировича-Данченко атындагы көркөм театрынын (МХАТ) алдындагы мектеп-студияга кабыл алынып, 1960-ж. ушул театр институтун бүтүргөндөн кийин мезгил-езгили меенн А. C. Пушкин атындагы драма театрында иштеген. Алгач «Теңтуштар» (1959), «Дима Гориндин мансабы» (1961) фильмине, кийин Алматыда «Айып» (1963) фильмине тартылган. 1964-жылдан өмүрүнүн акырына Таганкадагы чейин драма жана комедия театрынын труппасында эмгектенген. Аткарган ролдору: Хлопуша (C. Есенин боюнча, «Пугачёв»), Гамлет (У. Шекспир, «Гамлет»), Лопахин (А. Чехов, «Алчалуу бак») ж. б., «Вертикаль» (1967), «Көз ирмемдик кездешүүлөр» (1967), «Жолугушуу ордун өзгөртүүгө болбойт» (1979) ж. б.; көптөгөн фильмдерде ойногон. В. С. Выcоцкийдин ырлары менен балладаларында, аткарган ролдорунда коомдогу адилетсиздикке каршы күрөш, эркиндикке умтулган. Өлгөндөн кийин CCCP мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты наамы берилген (1987).

Владимир Высоцкий

Колдонулган адабияттар түзөтүү