Владимир Жириновский
Владимир Вольфович Жириновский (25. 4. 1946-жылы туулган, Алмата, Казак ССР ― 2022-жылы 6-апрельда өлгөн, Москва, Орусия) – Советтик жана орусиялык саясатчы. Либералдык-демократиялык партиянын төрагасы.

Россия Федерациясынын Федералдык Чогулушунун Мамлекеттик Думасынын бардык чакырылыштагы депутаты (1993-жылдын 12-декабрынан баштап), 1993-2000-жылдары жана 2011-жылдын 21-декабрында Мамлекеттик Думада ЛДПР фракциясынын башчысы.
Мамлекеттик Думанын төрагасынын орун басары (2000-2011), Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын делегаты (1996-2008). 1991, 1996, 2000, 2008, 2012 жана 2018-жылдардагы шайлоолордо Орусия Федерациясынын Президентинин кызмат ордуна талапкер.
Философия илимдеринин доктору (1998). Россия Федерациясынын эмгек сиңирген юристи (2000).
Шилтемелер Түзөтүү
Бул макаланын даярдамы Орусия жөнүндө. Сиз аны толуктап, долбоорго жардам бере аласыз. |