Влтава дарыясы
Влтава дарыясы – Чехиядагы дарыя. Лабанын (Эльба) сол куймасы. Узундугу 446 км, алабынын аянты 28 миң км2. Шумава тоосунан башталып, Ортоңку Чехиянын дөңсөөлөрү жана түздүктөрү менен агып өтөт. Орточо чыгымы Праганын тушунда 142 м3/сек. Төмөнкү агымында (84 км) кеме жүрөт (шлюздар аркылуу). Суусактагыч, ГЭС бар. Боюнда Ческе-Будеёвице, Прага шаары жайгашкан.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4