Война-дега
Война-дега (амхарча жүзүм зонасы, гр. oinos (война) — вино) — Эфиопия тайпак тоосундагы 1700—1800 м ден 2400 м ге чейинки бийиктеги «мелүүн» алкак.
Жылдын эң жылуу мезгили — март (16—18°С), суук мезгили — июнь (13°С). Жылдык жаан-чачыны 1500—2000 мм. Война-дега алкагындагы кызыл топурактуу платолордо парк саванналары, күрөң топурактуу тоолордо (2100 м ге чейин) жазы жалбырактуу, андан жогору ийне жалбырактуу (тисс, подокарпус) токойлор осот. Война-дегада буудай, арпа, таруу, буурчак, жүгөрү, тэфф жанa дагусса, тамеки, чай, цитрус, жүзүм ж. б. өстүрүлөт. Бийиктиги 2000 лг ге чейинки жерлерде кофе плантациялары кездешет.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4