Вокруг света - ай сайын чы­гуучу ил. көркөм журнал, ВЛКСМ БКнын органы (1931). «Вокруг света» петербургдук басма сөз кызматкери М. О. Вольф тарабынан 1861-ж. не­гизделген унгул эле наамдагы журналдын уландысы.

  • Бул журналды басуу 1869-ж. токтотулуп коюлган. 1880-жылдан М. Вернердин редакциясы менен кайра чыгарыла баштаган.
  • 1891—1917-ж. И. Д. Сытин чыгарган. «Вокруг светанын» Окт. рев-ясына чейинки сандары демокр. мүнөздө болгон.
  • 1927-ж. сов. журнал катары калыбы­на келтирилген.
  • 1938-жылга чейин Ленинградда басылган, 1938-жылдан Москвада чыгат. «Вокруг светада» саякаттар, ар кайсы элдердин турмуш-тиричилиги, байыркы жанa азыркы цивилизациялар жөнүндө материал, укмуштуу окуялуу жанa фантастикалык жанрдагы чыгармалар жарыяланат.
Вокруг света (1861).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.