Волкова Анна Александровна

Волкова Анна Александровна (12. 12. 1902, Россия империясы, Пенза губерниясы, Кузнецк шаары – 21. 1. 1983,Кыргызстан, Фрунзе шаары) – советтик микробиолог, ветеринария илимдеринин доктору (1951), профессору (1951), Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын академиги (1955), биологиялык бөлүмүнүн академик-секретары (1955-57), вице-президенти (1957-60). Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери (1947). Саратов ветеринардык институтун бүткөн (1924). 1930-жылга чейин ветврач. 1930-жылдан Азербайжан менен Кыргызстандын ветеринардык илимий-изилдөө мекемелеринде иштеген. 1960-жылдан Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын Биохимия жана физиология институтунда лаборатория башчысы. Эмгектери негизинен койдун жугуштуу ылаңдарына арналган. СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1947). 1950-54-жылдары СССР Жогорку Советинин депутаты. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган. Эмгектери: Койлордун кыртыштагы микробдордон пайда болуучу жугуштуу оорулары. Ф., 1954.

Колдонулган адабияттар түзөтүү