Вольера
Вольера (фр. voliere, voler—учуу) — бастырма, капас жана серүүндөтүү короосу бар жай.
Вольера ит, маймыл, куш, коён ж. б. айбанаттарды багууга ылайыкталып курулат. Вольера көбүнчө зоопарк, көргөзмө, питомниктерде пайдаланылат. Ал айбанат чарбачылыгында капас деп аталат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.