Вольт (В, V) – Бирдиктердин эл аралык системасында (СИ) электр чыңалуусунун, электр кыймылдаткыч күчүнүн (ЭКК) жана электр потенциалдарынын бирдиги. Италиялык физик А. Вольтанын ысымынан аталган. 1 В – электр тизмегинде кубаттуулугу 1 Вт болгондо 1 А турактуу ток күчүн пайда кылуучу электр чыңалуусу. Вольт эң алгач Парижде электриктердин 1-эл аралык конгрессинде (1881) ЭЭКтин практикалык бирдиги катары кабыл алынган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү