Вольтметр – электр тизмегиндеги чыңалууну жана электр кыймылдаткыч күчүн өлчөөчү прибор. Ал электр тизмегине же электр энергиясынын булагына жарыш туташтырылат. Вольтметр электрмагниттик, магнит-электрдик, электр-динамикалык болуп бөлүнөт. Электр-магниттик Вольтметр электр станциясында жана өнөр-жай ишканаларында турактуу прибор катары колдонулат. Магнит-электрдик Вольтметр абдан сезгич жана так келип, турактуу ток тизмектеринде гана пайдаланылат. Түзөткүч, төмөнкү жыштыктагы, термоэлектр жана электрон Вольтметрлер жогорку жышгыктагы чыңалууларды өлчөйт. Төмөнкү чыңалууну өлчөөдө Вольтметр менен өлчөгүч күчөткүч айкалыш туташтырылат. Ал эми жогорку чыңалууну өлчөө үчүн Вольтметрге кошумча каршылыкты же чыңалууну ченегич трансформатор кошулат. Жогорку жана өтө жогорку жыштыктагы өзгөрмө токту өлчөө үчүн электр өлчөөчү механизмден мурда өзгөрмө токту өлчөө үчүн токту турактуу токко айландыргыч туташтырылат. Цифралык Вольтметр кеңири пайдаланылууда.

Колдонулган адабияттар түзөтүү