Вольф каналы (К. Ф. Вольфтун атынан - ductus Wjlffi) - алгачкы (пронефрос) бөйрөктүн алып кетүүчү каналы. Биринчиден болуп кемирчектүү балыктарда пайда болот. Мезонефрос пайда болору астында пронефростун каналы 2 каналга бөлүнөт (ажырайт) - вольф жана мюллер. Сөөктүү балыктарда жана жерде-сууда жашоочуларда В. к. сийдик өткөргүч функцияны аткарат; жерде-сууда жашоочулардын эркегинде В. к. сийдик жана урук өткөргүч функцияларды аткарат. Сойлоктор, канаттуулар жана сүт эмүүчүлөрдө метанефрос пайда болгону менен бирге В. к. түйүлдүктө гана сакталып калат, ал эми чоңдорунун эркектеринде урук өткөргүч функцияны аткарат, ургаачыларда - редукцияланылат. Сүт эмүүчүлөрдө В. к-нын өсүндүлөрүнөн сийдик өткөргүч, бөйрөктүн күлтүгү, чөйчөкчөсү жана чогулткуч каналчалардын системалары пайда болушат. Эркегинде анын элементтери жыныс органдарды пайда кылууга катышат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү