Воробьёва Наталья Илларионовна

Воробьёва Наталья Илларионовна (1918, азыркы Сокулук району, Сокулук кыштагы - 1987, ошол эле жер) – кызылчачы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1957)[1]. Ал 1934-ж. Сокулук районундагы 21-партсъезд атындагы колхоздо колхозчу, кийин звено башчысы болуп иштеген. 1956-ж. анын звеносу 10 га жердеги кант кызылчасынын ар гектарынан 730 цден түшүм жыйнап алган. 1962 - 70-ж. СССР Жогорку Советинин[2][3], 1950-62-жылдары. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Эки Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  1. Указ Президиума Верховного Совета СССР «О присвоении звания Героя Социалистического Труда колхозникам, колхозницам, работникам машиннотракторных станций и совхозов, партийным и советским работникам Киргизской ССР». Текшерилген күнү 15 -март (жалган куран) 2017. Түп булактан архивделген күнү 4 -март (жалган куран) 2016.
  2. Список депутатов Верховного Совета СССР VI созыва
  3. Список депутатов Верховного Совета СССР VII созыва