Воронеж коругу - Воронеж областындагы Усман токоюнда 1927-жылы уюштурулган.

Воронеж коругу.

Жалпы аянты 31 миң га. Бул коруктун милдети — суу кемчеттерин сактоо, алардын санын көбөйтүү, жашоо шартын изилдөө, токой массивин коргоо.

Воронеж коругунун бөксөлөрүндө Кызыл карагай, эмен калың чыгат. Суу жээгиндеги саздакта бай Терек жанa ольха токою өсөт. Корукта кемчеттерди эркин өстүрүү боюнча атайын тажрыйба фермасы иштейт. Бул фермадан чыгарылган асыл тукум кемчеттер өлкөнүн бардык жерине таратылат. Воронеж коругунда бугу, багыш, элик, каман ж. б. жаныбарлар бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.