Вьетнамдар [өздөрүн кинь (người Kinh), вьет (người Việt) деп аташат] – эл; Вьетнамдын негизги калкы. Таиланд, Лаос, Камбожа, АКШ, Франция, Кытай, Канада ж. б. өлкөлөрдө да жашашат. Жалпы саны 62,15 млн адам, анын ичинде Вьетнамда 61 млн (1992). Вьетнам тилинде сүйлөшөт. Буддисттер, католиктер, протестанттар жана жергиликтүү секталардын жолун туткандар да бар. Б. з. ч. 1-миң жылдыктын ортосунда эле Хонгха жана Сицзян дарыясынын боюнда вьет уруулары жашашкан (булардын арасында көп сандаган лаквьеттер тобу болгон). Вьетнамдардын ата-бабалары б. з. ч. 4-3-кылымда Вьетнамдар ванланг уруулар союзунун негизин түзүшкөн, бирок аларды б. з. ч. 267-ж. тэйау уруулары талкалаган. Түндүк Вьетнамдын аймагында алардын Аулак мамлекети пайда болгон. Ушул мезгилде тэйау урууларынын лаквьеттер менен ассимиляцияланышы В-дын калыптанышына алып келген. Б. з. ч. 207-ж. Аулак мамлекети лаквьеттердин б. з. ч. 111-ж. кытайлар басып алган Намвьет мамлекетинин курамына кошулган. Б. з. 10-кылымда кытай баскынчыларына каршы боштондук күрөштүн натыйжасында вьеттердин борборлошкон, көз каранды эмес Дайвьет мамлекети пайда болгон. 17-19-кылымда улуттук консолидация процесси жүрүп, 1804-ж. өлкө Вьетнам деп аталган. Узак тарыхый өнүгүүдөн кийин 20-кылымдын башында Вьетнамдар улут болуп түзүлгөн. Вьетнамдардын негизги кесиби дыйканчылык (шалынын 200 сортун, жүгөрү, күнжүт, чай ж. б. өстүрүшөт), мал чарбачылык жана балыкчылык. Вьетнамдар кыштактарында негизинен дубалы сокмо менен саман аралаш топурактан, бамбуктан тургузулуп, чатыры пальма жалбырагы же күрүчтүн саманы менен жабылган үйлөрдө жашашат. Улуттук кийимдери кездемеден (пахтадан согулган) тигилген кемсел, кара түстөгү шым, пальма жалбырагынан өрүлгөн калпак, майрам күндөрү ачык түстүү жибектен тигилген халат-көйнөк (аозай) кийишет. Айыл жерлеринде жылаңаяк, кээде өрүлгөн сандалчан жүрүшөт. Тамак-ашы негизинен күрүч, жашылча, балык азыктары, этти майрам күндөрү гана жешет. Негизги суусундугу чай. Вьетнамдарда тишти кара боёк менен боёп, бетел чайнаган салты болгон. Маанилүү майрамы Тэт (жаңы жыл), тет-чунг тху (күз майрамы). Майрамдарда селкинчек тээп көңүл ачышат, короз согуштуруу, кайык жарыштыруу ж. б. оюндары бар. Азыркы мезгилде Вьетнамдар өнөр-жай жана транспорт тармактарында иштешип, европа үлгүсүндөгү кийимдерди кийишет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү