Вьетнам согушу (англ. Vietnam War; 1955 – 1975) – Түштүк Вьетнамда француздардын тарапкери император Бао Дайдын бийлиги сакталган. Макулдашуу боюнча 1956-ж. бүткүл Вьетнамда шайлоо өткөрүлүп, бирдиктүү көз каранды эмес мамлекетти түзүү сүйлөшүлгөн. Бирок, Түндүк Вьетнамда коммунисттер советтик типтеги тоталитардык режимди орнотушкан. Түштүгүндө да ар кайсы саясий топтордун ортосунда күрөш күч алган. 1955-ж. Бао Дайдын премьер-министри Нго Динь Дьем императорду кетирип, өзүн Вьетнам Республикасынын президенти деп жарыялаган. Ал 1956-ж. шайлоо өткөрүүдөн баш тартып, тышкы саясатта АКШга ыктай баштаган. Вьетнамда ага каршы согушка даярдана башташат. 1961-жылдан АКШ өкмөтү Түштүк Вьетнамга аскер кеңешчилерин жөнөтө баштаган. Америкалыктардын макулдугу менен өлкөдө төңкөрүштүн жүрүшүндө Нго Динь Дьем өлтүрүлгөн. 1964-ж. Тонкин булуңундагы түндүк вьетнамдык согуш катерлери менен америкалык кемелердин ортосундагы кагылышуудан кийин, АКШнын президенти Жонсон 1965-ж. ВДРди бомбалоо тууралуу көрсөтмө берип, Түштүк Вьетнамга аскер жиберет. 1968-ж. АКШнын 500 миңдик аскерине Түндүк Корея, Таиланд, Филиппин, Жаңы Зеландия, Австралиянын аскерлери кошулуп, Индокытай жарым аралы согуш очогуна айланат. Америкалык аскерлер жергиликтүү элдерди массалык түрдө кырууга аракеттенишкен. Партизандык кыймыл күч алып, Вьетнамдагы согушка карата АКШнын өзүндө да нааразылыктар күч алган. 1968-ж. президенттикке шайланган Никсон Вьетнамдан аскерлерди чыгарып кетүүнү чечкен. 1973-ж. Парижде сүйлөшүүлөр башталып, ок атышууну токтотуу жана америкалыктарды чыгарып кетүү тууралуу макулдашууга кол коюлат. 1975-ж. январда партизандар жалпы чабуулга өтүшүп, 30-апрелде түштүк вьетнамдык аскерлер жеңилет. 1976-ж. бирдиктүү Вьетнам Социалисттик Республикасы түзүлгөн. Вьетнам согуштарында 1,5 млн вьетнамдар жана 58 миң америкалыктар курман болгон.

Вьетнам согушу (1955-1975).

Колдонулган адабияттар түзөтүү