Вюрцбург мектеби Германиядагы Вюрцбург шаарынын психологиялык институтунда 20-кылымдын биринчи он жылдыгындагы ойлоону эксперименталдык изилдөө багыты.

Негиздөөчүсү – О. Кюльпе, өкүлдөрү Н. Ах, К. Бюлер. Өзүн өзү байкоо техникасын жакшыртып (сыналуучуларды тандоо жана машыктыруу, тапшырманы аткарууну жана баштан өткөрүлгөндөр жөнүндө отчетту бөлүштүрүү), Вюрцбург мектебинин өкүлдөрү тапшырманын маанисине тиешелүү образдардын сыналуучулардын эс-акылында жоктугун баамдашкан. Ошондуктан негизги, О. Кюльпе айткан ойлоонун образсыз мүнөзү жөнүндө негативдүү тезис боюнча, ойду сезимдик тааныштыктардын айкалышы деп айтууга болбойт. Баштан өткөргөндөрдүн отчетунда, Вюрцбург менене ылайык, образдар эмес, башка нерселер – катнаштар, максаттык көрсөтмөлөр, айкалыштыруу же топтоо аракеттери ж. б. айтылган. Бул түзүлүүлөрдүн мүнөздүү окшоштугу – интенционалдуулук, баштан өткөргөндөрдөн тышкары жаткан нерселерге: идеяларга, идеалдуу жана реалдуу предметтерге багытталуучулук болот. В. мененин негизги эмгеги ой жүгүртүүнүн психологиялык өзгөчөлүктөрүнүн спецификалуулугу, алардын тааныштыктардын ассоциациясы эместигин ачуу эсептелет.

Вюрцбург мектебинин илимий иштери 20-кылымда гештальтпсихологияга жана көрсөтмө теориясынын пайда болушуна түздөн-түз түрткү болгон. Ой жүгүртүүнүн образсыздыгы жөнүндө тезис айрым эстетикалык теорияларга таасир берген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8