Вяткин Михаил Порфирьевич
Вяткин Михаил Порфирьевич [9 (21). 8. 1895, Россия империясы, Оренбург шаары – 7. 12. 1967, СССР, Ленинград шаары] – тарыхчы, профессор (1946). Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын корреспондент-мүчөсү (1954). 1921-ж. Томск университетин бүтүргөн. 1934-жылдан СССР Илимдер Академиясынын Ленинграддагы бөлүмүндө илимий кызматкер, бөлүм башчысы. М. П. Вяткин көчмөн элдердин, анын ичинде казак-кыргыздар жана Россия империясынын 19-20-кылымдардагы социалдык-экономикалык тарыхын изилдеген. Кыргыз ССР тарыхынын 1-, 2-, 3-басылыштарын даярдоодо редактор жана анын авторлорунун бири. «Баатыр Срым» аттуу эмгеги үчүн СССР мамлекеттик сыйлык ыйгарылган (1948). Эмгектери: Социально-экономическое развитие Средней Азии. Ф., 1974.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4