Башбаракты ачуу

Вячеслав Михайлович Молотов (чыныгы фамилиясы - Скрябин) (25. 2 (9. 3). 1890, Вятка губерниясы, Яран уезди, Кукарка кыш. (азыркы Советск ш.) - 8. 11. 1986, Москва) - сов. партиялык жана мамлекеттик ишмер, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1943), СССР ИАнын ардактуу академиги (1946-59). РСДРПнин мүчөсү, большевик (1906).

«Правда» гезитинин редакциясынын секретары жаңа мүчөсү (1912). 1909-, 1913-15х. бир нече жолу түрмөгө камалып, 1915-жылы сүргүнгө айдалган. РСДРП БК Орус бюросунун (1916-17), РСДРП(б) Петроград к-тинин, Петроград советинин аткомунун (191718), Октябрь революциясында (1917) Петроград аскердик революциялык к-тинин мүчөсү. Октябрь революциясынан кийин Түн. обл-нда, Волга боюнда, Нижегород губерниясында, Украинада партиялык жетекчи кызматтарда. РКП(б) - ВКП(б)нин Уюштуруу жана Саясий бюросунун (1920-21), РКП(б), ВКП(б), КПСС БКнын (1921-57), ВКП(б) БКнын Саясий бюросуиун (1926-52; 1921-жылдан кандидат), Комингерңдин аткомунун (1926-43; 1928-жылдан Президиумунун, Секретариатынын) мүчөсү. Ошол эле мезгилде ВКП(б)нин Москва губерниялык к-тинин 1 секретары (1928-29), СССР Эмгек жана көргөнуу советинин (193037), СССР ЭКСтин төрагасы (193041), төраганын орун басары (1941), 1-орун басары (1942-37), төраганын орун басары (1941), 1орун басары ), СССР тышкы иштер эл комиссары (1939-49; 1953-56). Улуу Ата Мекендик согушта (1941-45) СССР Мамлекеттик коргоо комитетинин төрагасынын орун басары, Жогорку Башкы командалык ставканын мүчөсү, СССРдин Монголиядагы ыйгарым укуктуу элчиси (1957-60), Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттикте (МАГАТЭ, Вена) СССРдин туруктуу өкүлү (196062). Массалык репрессиянын уюштуруучуларынан болгон. Сов.-гермаңдык пактка (1939), СССРге Гитлер кол салгандан кийин англ.-сов. (1942), Париж тынчтык келишимдерине (1947), Австриянын демокр. жана көз карандысыздыгы жөнүндө мамлекеттик келишимине (1955) СССРдин атынан кол койгон.

Тегеран (1943), Крым (Ялта) жана Потсдам (1945) конференцияларын даярдоодо жана өткөрүүдө Сталиндин жакын кеңешчиси болгон. Инди-кытайда тынчтыкты калыбыш келтирүү жөнүңдө Женева макулдашууларын иштеп чыгууга активдүү катышкан (1954). КПССтин 22-съездинде (1961) массалык репрессияга катышкандыгы үчүн айыпталып, 1962-жылы партиядан чыгарылган. Партиялуулугу 1984-жылы калыбына келтирилген. 4 Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттарОңдоо

Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4