Габронемоздор (Habronemoses) — ача туяктуу жаныбарларда нематоддордун кесепетинеп болуучу гельмин­тоз ылаңы.


Жетик мителер карын Габронемоздорун, личинкалары тери жанa өпкө Габронемоздорун пайда кылат. Габронемоздор бардык жерде кездешет, көбүнчө түш. зоналарда жылкы 50—60%ке чейин жабыркайт. Габронемоздор карын бездеринин жанa ичеги-карындын иштешин бузат; терини айыкпас «жайкы жарага» чалдыктырат; габронем личинкалары өпкөдө ирийдүү исиркек жаратты пайда кылат. Дарттуу жылкы бара-бара арыктап, гастроэнтерите чалдыгат. Дары ка­тары төрт хлордуу углерод жанa йод эритмеси колдонулат. Теринин жаратын 2—3%түү трипанбляу эритмеси менен тазалап жууйт.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.