Гавот
Гавот - (фр. gavotte гавоттор бийи) француздардын эски бийи. Алгач элдик хоровод болгон. 17-18-кылымдарда Батыш Европадагы кеңири тараган белгилүү бийге айланган. Гавотту 18-кылымдарда комп. Люлли балетке, операга пайдаланган. Гавоттун сахналык классикалык музундугу үлгүсүн Рано менен Глюк жараткан. 18-кылымдарда Бах, Гендель бий сюитасын, орус музыкасында Гавот үлгүсүн Чайковский, Глазунов, Прокофьев жазган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4