Гавриш Иван Фомич
Гавриш Иван Фомич [7.4.1920, Беловодский (азыркы Москва) району, Садовый кыштагы] Советтер Союзунун Баатыры (1945). Гвардиянын улук лейтенанты. 1938-ж. Советтик Армияга чакырылган. Улуу Ата Мекендик согушта штурмалоочу 74-гвардиянын Кызыл Туулуу Сталинград авиаполкунун звено командири. Түштүк-Батыш, Түштүк, 4-Украин, 3-Белорус фронтторунда салгылашкан. Согуш мезгилинде 100дөн ашуун согуштук учуш жасаган. 7 жолу аба урушуна катышкан. Душмандын 13 танкын, технпка жүктөлгөн 60 автомашинасын, ок-дары сакталган 2 складын, 17 зениттик артиллериясын талкалап, 300дөн ашык гитлерчини жок кылган. ГавришЛенин, эки Кызыл Туу, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш, Александр Невский ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4