Гавсидинов Гиясидин (1927, Өзбекстан, Анжиян облусу, Аим району, Дардак айылы - 1979, Ош облусу, Карасуу району, Кызылшарк айылы) - пахтакер, Социалдык Эмгек Баатыры (1951). Эмгек жолун Ош облусунун Карасуу районундагы «Кызылшарк» колхозунда колхозчу болуп иштөөдөн баштаган, 1945-жылдан бригадир болуп иштеген. 1950-ж. анын бригадасы 49 га пахта аянттынын ар гектарынан 47 цден түшүм жыйнап алган. Ленин, эки Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү