Гагат - (гр. Gagates кара янтарь) ташкөмүрдүн капкара, жалтырак түрү. Катуулугу 3-3,5; тыгыздыгы 1,3-1,4 г/см3. Көмүр катмарларында үймөктөшкөн түрдө кездешет. Жыгачтын ташкөмүргө толук айланбай калышынан пайда болот. Жакшы сайкалданат. Зер буюмдарды жасоодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү