Газгольдер - (газ жана англ. holder кармагыч) газды кабыл алып, сактап, иштетүү же колдонуу үчүн бөлүштүрүп берүүчү туруктуу же көчмө курулма. Газольдер өзгөрүлмөлүү (нымдуу) жана туруктуу (кургак) көлөмдүү болот. Нымдуу газольдердин көлөмү 10дон 50 миң м3га чейин жетет. Нымдуу газольдерде металл көп сарп болот, газ нымдалышат жана кышында пайдалануу кыйындайт. Бул кемчилик кургак же поршендик газольдерде болбойт. Ал поршендүү кыймылсыз корпустан турат. Кургак газольдердин сыйымдуулугу 100 миң м3га чейин жетет. Кемчилиги орнотуунун жана корпус менен поршендин тыгыздыгын камсыз кылуунун татаалдыгы. Шаарда негизинен цилиндр формасында (узундугу 17 мжана диаметри 3 м), түбү сфера же шар түрүндө (диаметри 10 м) болгон 1,8 МПа басымга эсептелген туруктуу көлөмдөгү резервуар колдонулат.[1]

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  1. Газ багын кантип тандоо керек