Газдан сактануучу жай
Газдан сактануучу жай кишилерди Химиялык уу заттардын таасиринен сактоочу, атайын жылчыксыз жабдылган жай. Душман кыйратуучу каражаттарды колдонгон учурда өздүк коргонуу каражаты жок адамдарды узак мөөнөткө кармоо үчүн ыңгайлаштырылып курулат. Ал чыпкалоочу, желдетүүчү, жылытуучу, жарык берүүчү приборлор, жатуучу жайлар (койкалар), суу менен камсыз кылуу жана канализация системасы менен жабдылат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4