Газдардагы электр разряды

Газдардагы электр разряды - газдардагы электр тогунун ар кандай түрү.

Газдардагы электр разрядынын түрлөрү ж-а анын мүнөздөмөлөрү электр тогунун газ аркылуу өтүү шартын түшүндүрүүчү газдардын составына, басымына, разряд пайда болгон көлөмгө, токтун күчүнө жана газдардагы ар ТҮРДҮҮ кубулуштарга байланыштуу.

Газдардагы электр разрядынын бөтөнчөлүгү — газ аркылуу откон токтун ошол газдын ка­сиетине күчтүү таасир этиши. Газдар табияты б-ча диэлектрик болгондуктан Газдардагы электр разрядын алып жүрүүчү электрондун жана иондордун саны эн аз. Ошондуктан газ аркылуу ток өткөрүү үчүн тышкы иондоштургучтун аракети менен электроддордун ортосунда белгилүү сандагы заряддарды найда кылуу за­рыл. Заряддардын кыймылынын ылдамдыгы электроддордун ортосундагы электр талаасынын чыналышына түз пропорциялаш болсо, анда газ­дын токту өткөрүмдүүлүгү Ом мыйзамы б-ча аныкталат. Газдардагы электр разрядынын түрлөрүнө ар кандай басымда найда бол­гон бүлбүлдөө разряды, электр жаасы, учкун, жог. жыштыктагы разряддар кирет. Бул разряддар ар түрлүү касиеттерге ээ. Газдардагы электр разряды термоядролук реакцияны алууда, жог. темп-рада найда болгон химиялык реакцияны жүргүзүүдө, жылуулук энергиясын электр энергиясына айландырууда, электрондук жана генератордук лампа, газ лазери жана башкада колдонулат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.