Газдаштыруу – катуу жана суюк отундар (таш көмүр, чымкөң, сланец, нефть) органикалык бөлүгүн жогорку темп-рада (1000-20000С) окистендирип (О2, аба, суу буусу, СО2), күйүүчү газдарга айландыруу. Процесс газ генераторлорунда жүрөт, ошондуктан алынган күйүүчү газдар генератор газы деп аталат. Газ курамы отун жаратылышына, окистендиргич тибине, темп-рага жана технологиялык аппарат жабдылышына көз каранды. Газдаштыруу процессинде отунду пиролиздөө да орун алат. Газдаштыруу отундагы органикалык заттардын 80 % күйүүчү газга айланат. Өнөр жайларда мазут жана гудрон (1400-1500оС, 4-8 Мпа) Газдаштыруу айрыкча мааниге ээ. Газ генераторлорунун кубаттуулугу катуу отундар үчүн 80 000 м3/ч, ал эми суюк отундар үчүн 60 000 м3/ч.

1) катуу же суюк күйүүчү отундарды аба, кычкылтек, суу буусу жана башка менен окистендирип, күйүүчү газга айландыруу (к. Отундарды газга айландыруу жана Газ өндүрүү). Газдаштыруу жер үстүндө (газ генераторунда) жана жер астында (көмүрдү, нефть катмарын жер алдында газдаштыруу) жүргүзүлөт. Күйүүчү газдар мешти, казанды, тиричилик приборлорун ысытууда, ошондой эле ичинен күйүүчү кыймылдаткычтарда колдонулат. XIX кылымдын аягында жана XX кылымдын башында күйүүчү газдар жарык берүү үчүн пайдаланылган. 1836-ж. орус механиги Меркулов күйүүчү катуу отунду калдыксыз түрдө газга айландырган. Ал үчүн «от айлануучу мешти» сунуш кылган. Бул азыркы газ генераторунун алгачкы прототиби болуп саналат. 1888-ж. Д. И. Менделеев көмүрдү жер алдында газдаштыруу идеясын сунуш кылган. Жаратылыш газдарын колдонуу XIX кылымдын экинчи жарымынан баштап жүргүзүлүүдө. 2) Күйүүчү газды эл чарбасынын ар кандай тармактарына берүүнү уюштуруу процесси. Газдаштыруу үчүн жаратылыш газы жана жасалма газ колдонулат. Газдаштыруу борбордук жана жерг. болуп бөлүнөт. борбордук газ керектөөчүлөргө шаардык газ тармагынан бөлүштүрүлөт. Жерг. газ жерг. курулмалардын же суюлтулган газ толтурулган сыйымдуулуктардын (цистерна, баллон) жардамы менен жеткирилет. Жерг. система тиричилик имараттарында, чакан шаар менен шаарчалардын коммуналдык-тиричилик жактан тейлөө ишканаларында кеңири колдонулат. Суюлтулган газ керектөөчүлөргө атайын түтүктөр, темиржол, автомобиль цистерналары жана баллондор менен, ошондой эле суу жолу боюнча атайын газ ташуучу кемелер менен ташылат. Газ ташуу үчүн узундугу жүздөгөн, миңдеген кмге жеткен атайын магистралдык газ өткөрүүчү түтүктөр курулат. Газ өткөргүч түтүктөр андагы басымга жараша: жогорку (1 атмосферадан жогору), орто (1 атмосферага чейин), төмөнкү (0,02 атмосферага чейин) басымдагы болуп бөлүнөт. Шаардык газ тармактарынан алыс жайгашкан жашоо имараттарын жылытууда, ошондой эле кээ бир автомобилде чоң басым менен толтурулган газ баллондор колдонулат. Газ менен калкты нормалдуу жана ишенимдүү жабдуу үчүн ири шаарлардын жанына газды жер алдында сактагычтар курулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү