Газли кени
Газли кени Өзбекстандын Бухараоблусундагыгаз чыгуучу жер. Кызылкум чөлүндө. Амударыя нефть-газ бассейнине кирет. 1962-жылдан казып алынат. Бор мезгилинин 680-1180 м тереңдикте жаткан кумдук, алевролит тектеринде топтолгон. Газдын алгачкы запасы 0,5 трлн м3дей. Казып алуу борбору Газли шаары Уралга, Россиянын европ. бөлүгүнүн борборуна, Ташкен, Бишкек, Алматы жана башка шаарларга газ куурлары жүргүзүлгөн.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4