Газ баллондуу автомобиль

Газ баллондуу автомобиль - кыймылдаткычы кысылган же суюлтулган күйүүчү газ менен иштөөчү автомобиль. Кысылган газ жаратылыш газы менен нефтини кайра иштетүүдөн алынат. Газ баллондуу автомобильдин башка автомобилдерге салыштырганда артыкчылыгы: кыймылдаткычтын тетиктери аз жешилет; майлоочу май көпкө чыдайт; кысуу даражасын чоңойтуу аркылуу кыймылдаткычтын кубаттуулугун жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ; күйүүчү суюктук аз жумшалат, баасы төмөн, иштелип чыккан газдын зыяндуулугу аз. Газ баллондуу автомобильди пайдалануу газ толтуруучу станция тармактарын түзүү менен байланышкандыктан, бул тармак жакшы өнүкпөй келет. Алгачкы констр. 1930-жылдын башында жасалган, ал эми 1939-жылдан баштап кысылган газ, 1953-жылдан суюлтулган газ менен иштөөчү газ баллондуу автомобиль чыгарыла баштаган. Газ баллондууавтомобиль универсалдуу (газ жана бензин менен иштейт) жана атайын (жалаң газ менен иштейт) болуп бөлүнөт. Суюлтулган метан кузовдогу төмөнкү температураны кармоочу муздаткыч булагы (мисалы, бат бузулуучу тамак-аш продукцияларын ташуу учурунда) жана бир эле убакта кыймылдаткыч үчүн күйүүчү отун катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү