Газ динамикасы — гидроаэромеханиканын кысылуучу туташ чөйрөлөрдүн (газ, плазма) кыймылын жана алардын катуу нерселер менен өзара аракетин изилдөөчү бөлүмү. Ал термодинамикажанаакустикаменен байланышта. Басымдын же температуранын өзгөрүшү менен бардык нерселер кысылуу касиетине ээ болот. Кысылуу касиети басымдын же температуранын өзгөрүшү менен заттын көлөмүнүн өзгөрүшү. Кысылуучу илээшкек газдын туруксуз кыймылын Навье Стокс теңдемелери аныктайт. Газдын кысылуу процесси газ үндүн ылдамдыгындай же андан ашык ылдамдык менен акканда (же катуу нерсе газда кыймылдаганда) пайда болот (к. Бернулли теңдемеси).Газ динамикасыхимиялык (диссоциация, күйүү жана башка) жана физикалык (иондошуу, нурлануу) процесстерди коштогон жогорку температурадагы газ агымдарын изилдөөгө мүмкүндүк берет. Газ динамикасынын ургаалдуу өнүгүшү реактивдүү авиациянын, ракеталардын, атом жана суутек бомбаларынын техникасы менен байланышкан. Учуучу аппараттарды, кыймылдаткычтарды, газ машиналарын констр-лаган кезде алардын бетиндеги газ агымынан пайда болгон басым менен сүрүлүү күчүн, температураменен жылуулук агымын да газ динамикасы изилдейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү