Газ жүргүч — күйүүчү газды чыккан же өндүрүлгөн жеринен алыс (жүздөгөн жана миңдеген км) аралыктагы керектөөчүлөргө жеткирилүүчү курулуш комплекси. Газ көзөнөкчөдөн берилген табигый басымдын же толтургуч аппараттар (компрессор, эксгаустер жана башка) менен түзүлгөн басым аркылуу металл куур (түтүк) боюнча агызылат. Газ жүргүч магистралдык, жергиликтүүжана ички болуп бөлүнөт. Магистралдык газ жүргүчтө газ чыккан жеринен чоң шаарга, жергиликтүүдө газ чогулткуч жана газ бөлүштүргүч станцияларга жана ички газ жүргүчтө имараттын ички бөлмөлөрүнө жеткирилет. Газ жүргүчкө көбүнчө көмүртектүү же легирленген болот жана алюминий куймаларынан жасалган куурлар пайдаланылат. Магистралдык жанажергиликтүүгаз жүргүчтү курууда куурлар бири бирине ширетелип бириктирилет. Куруу ыкмасына жараша газ жүргүч жер бетине жана жер астына орнотулат. Жер бетине курулган газ жүргүч тирөөчтөргө, эстакадага же жерге эле коюлат, ал эми жер астындагы газ жүргүч 2-2,5 м тереңдикке орнотулуп көмүлөт. Дат басып бузулуудан сактоо үчүн куурлар битумдан жана айнек кебезден жасалган атайын изоляциялык материал менен оролот. Бири бирине кошулуп бириктирилген газ жүргүчтөрдүн системасынан газ тармагы түзүлөт. Газ жүргүчтөгү газ басымын газ компрессордуу станциялар жөнгө салып турат, жүргүчтүн акыркы пунктарына газ бөлүштүргүч станциялар курулат.Магистралдык газ жүргүчтү курууда иш процесстери кеңири механикалаштырылат жана автоматташтырылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү