Газ кыймылдаткычы — газ түрүндөгү отун (табигый газ, нефть газы жана суюлтулган газ) менен иштөөчү, учкун же басым аркылуу тутануучу ичинен күйүүчү кыймылдаткыч. Газкыймылдаткычынын алгачкы үлгүсү 1830-ж. франциялык инженер Ж. Ленуар тарабынан жасалган. Азыркы машиналардын көпчүлүгү жаратылыш газы (метан), айрымдары нефтиден алынган суюлтулган газ менен жүрөт. Суюк отун менен иштөөчү кыймылдаткычтан газ кыймылдаткычынын бир топ артыкчылыгы бар. Күйүүчү аралашманы даярдоо жана аны күйгүзүү жолдору өркүндөтүлгөндүктөн, кыймылдаткычтын негизги тетиктери анча жешилбейт жана сырткачыгарылган газында зыяндуу аралашма болбойт. Туруктуу газ кыймылдаткычынын п. а. к. 42%ке жетет. Металлургия өнөржайында аба үйлөгүчтү кыймылга келтирүү үчүн кубаттуулугу 15 миң кВт болгон газ кыймылдаткычыколдонулат. Транспорттук газ кыймылдаткычы газгенератордуу жанагазбаллондуу автомобилде орнотулат. Газ жана нефть өнөр жайында газ кыймылдаткычы жаратылыш газы менен иштеп, газ жиберүүчү түзүлүштөрдү кыймылга келтирет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү