Газ прибору — турак жайларды жана коомдук имараттарды жылытууда, тамак-аш бышыруу, суу ысытуу жана жасалма желдетүүдө пайдаланылуучу түзүлүш. Газ приборугаз күйгөндө бөлүнүп чыккан жылуулук энергиясы менен иштейт. Ал газ келүүчү түтүктөн, газ күйгүчтөн, жылуулук алмаштыргычтан жана күйүүнүн калдыктарын сыртка чыгаруучу түзүлүштөн турат. Газ прибору үйтиричиликте (ашкана газ плиталары, суу ысыткычтар жана үй муздаткычтары), жылытуучу түзүлүштөр (газ менен жылыткыч приборлор), ишканаларда жана коомдук ашканаларда (ресторан плиталары, тамак бышырылуучу казандар, суу ысыткычтар) колдонулуучу болуп бөлүнөт. Атмосфералык типтеги газ күйгүч кеңири колдонулат. Мындай газ приборунда газ 500 сым. мам. мм басымда соплодон чыгып, күйүү үчүн керектүү абаны (40—60%) атмосферадан соруп алып, аралашат. Аба аралашкан газ күйгөндө көк жашыл жалын чыгат. Жалын сары болсо, көмүр кычкылы көбөйүп, адамга зыян келтирет. Андай учурда белгилүү өлчөмдө ачылып-жабылуучу клапандын (же бураманын) жардамы менен газ күйгүчтөгү абаны көбөйтүү зарыл.

Колдонулган адабияттар түзөтүү