Газ съемкасынефть жанa газ кендеринен бөлүнүн, үстүндө жаткан тoo тектер аркылуу сыртка көтөрүлгон газ түрүндөгү углеводороддорду аныктоо жолу мене нефть-газ кендерин изилдөө методу.

Жер үстүндөгү тoo тектерге сиңген углеводороддор өтө аз болсо да, ал терендикте жат­кан нефть менен газ кендери бар экендигинин белгиси. Изилдөнүүчү аймакта белгилүү бир профилдер боюнча 2—3 м же 10—50 м, кээде андан ашык терендиктеги газдан (кыртыш арасындагы абадан) же тоо тектерден проба алынат. Газ аномалиясы изилденген аймак нефть же газ кендеринин бар экендигин божомолдоого мүмкүндүк берет. Газ съемкасы методун СССРде 1932-ж. В. А. Соко­лов иштеп чыккан.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.