Газ турбинасы кысылган жана ысыган газдын (адатта отундун күйүү продуктусу) жылуулук энергиясын механикалык жумушка айландырып, үзгүлтүксүз иштөөчү кыймылдаткыч. Кысылган газ күйүү камерасында, ядролук реактордо жана башкаларда ысытылат. Биринчи газ трибунасы 19-кылымдын аягында газ-турбиналуу кыймылдаткычтын бөлүгү катары пайда болгон жанаконструкциясы жагынан буу барасына (турбинасына) окшош эле. Газ трибунасын өнүктүрүүгө россиялык окумуштуулар Б. С. Стечкин, Н. Р. Брилинг, В. В. Уваров, ошондой эле словакиялык жана амер. окумуштуулар зор салымдарын кошушкан. Газ трибунасы бир катарда кыймылсыз жайгашкан калакча таажылары бар сопло аппаратынан жана жумушчу дөңгөлөктүн айлануучу таажыларынан турат. Сопло аппараты жумушчу дөңгөлөк менен бирдикте турбинанын баскычын түзөт. Баскыч кыймылсыз тетиктер кирген (корпус, сопло калакчалары, бандаж шакектери) статордон жана айлануучу бөлүктөрдүн курамынан (жумушчу күрөкчөлөр, дисктер, вал) түзүлгөн ротордон турат. Айлануучу дөңгөлөккө сопло аппаратынын айлануу бөлүгү газ трибунасы же анын толук айланасы боюнча газ келет. Кысылган жана ысыган газ баштапкы ылдамдык менен сопло аппаратынын калактарынын ортосундагы аралыкка кирип, кеңейүүнүн натыйжасында жылууктун бир бөлүгү сыртка чыккан агымдын кинетикалык энергиясына айланат. Газдын агымы жумушчу калактарга таасир этип, турбинанын валын айлантат. Азыркы көп баскычтуу турбиналардын п. а. к. 0,92 0,94. Газ трибунасы газ турбиналуу кыймылдаткычтарда, авиацияда жана электр станцияларында колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү