Газ электр разряды — электр тогунун газ аркылуу өтүшү. Бул учурда газ абалынын өзгөрүшү байкалат. Газ электр разрядынын көп түрдүүлүгүн газдын баштапкы абалын аныктоочу шарттар, газга тийгизген сырткы таасир, электрод материалы, формасы жана жайгашышы жана башка айкындайт. Электр тогунун металл жанаэлектролиттен өтүү закондоруна караганда газдан өтүү закону татаалыраак болот. Газ электр разрядынын бөтөнчөлүгү өткөн ток ошол газдын касиетине күчтүү таасир этет. Газдагы заряд алып жүрүүчүлөрдүн концентрациясы (электрондор жана иондор) өтө аз болсо, газ ток өткөрбөйт (диэлектрик). Иондошууда заряд көп болсо, газ жакшы өткөргүч болот. Газ электр разрядынын түрдүү касиеттери жана мүмкүнчүлүктөрү анын кеңири колдонулушуна шарт түзөт. Кубаттуу газ электр разрядынын жардамы менен башкарылуучу термоядролук реакцияны пайда кылуу үчүн мүмкүн болгон эң жогорку температурага жетишилген; газ разряддуу жарык булактары үнөмдүү болуу менен жогорку жарыктанууну алууга, керек учурда каалаган спектр курамын чыгарууга мүмкүндүк берет. Газ электр разрядыхимиялык синтезде, башкача айтканда азот менен абаны байланыштырууда колдонулат. Көп сандаган иондук аспаптар электрдик схемалардын элементи катары кызмат кылат; электр тогун кайра өзгөртүү үчүн чыңалууну калыптандыруу, сигналдаштыруу жана башка (газотрон, тиратрон, сымап түзөткүч, бүлбүлдөө разрядынын куралдары жана башка) аткарылат.Газ электр разряды келечекте жылуулук энергиясын түздөн-түз электр энергиясына айландыруу (магнит-гидродинамикалык генератор, термоэлектрондук өзгөрткүч) жана космос кемелеринде узакка созулган тартуу күчүн түзүүдө (плазмалуу жана иондуу кыймылдаткыч) кеңири колдонулат.Ад.: А Энгель, М. Штенбек. Физика и техника электрического разряда в газах/Пер. с нем. Т. 1-2. М.; Л., 1935-36; Ю. П. Райзер. Основы современной физики газоразрядных процессов. М., 1980.

Колдонулган адабияттар түзөтүү