Галактикадан тышкаркы астрономия

Галактикадан тышкаркы астрономия - астрономиянын биздин Галактиканынчегинен тышкаркы асман сферасындагы объектилерди жана кубулуштарды изилдөөчү бөлүмү. Галактикадан тышкары астрономия изилдеген жылдыз, газ системалары табияты боюнча биздин Галактика сыяктуу эле болуп, бирок алар бизден өтө алыс бир нече жүз миңдеген жана миллиондогон жарык жылындагы аралыкта жайгашкан. Галактикадан тышкары астрономия илим катары 20-кылымдын башында пайда болгон. Асман сферасынан көз менен же жөнөкөй телескоп аркылуу байкалуучу жылдыздардын бардыгын камтыган биздин Галактика чектүү жана ага окшош башка жылдыз системалары бар деген идея 18кылымдын ортосунан эле айтылып келген. Телескоптордун өркүндөтүлүшүнүн натыйжасында биздин Галактикадан тышкары начар жаркыраган тумандуулуктар бар экендиги аныкталган. Алар жөнүндө1781-ж. франциялык астроном Ш. Мессье 100 объектиден турган биринчи каталогду түзгөн. Кийин сапаттуу байкоолордун натыйжасында, ал тактардын бирдей эместиги, айрымдары газ тумандуулугу, алыскы жылдыздар системасы экендиги байкалган. 20-кылымдын башында Маунт-Вильсон (АКШ) обсерваториясынын астрономдору биринчи жолу көптөгөн тумандуулуктардын ичинен өтө начар көрүнгөн жылдыздарды байкашкан. 1923-24-ж. Э. Хаббл 2,5 метрдик телескоптун жардамы менен бир нече тумандуулуктардан жаркырактыгы мезгил-мезгили менен өзгөрүп туруучу цефеиддер тибиндеги жылдыздардын тобун ачкан. Бул жылдыздар аркылуу тумандуулуктардын Жерге чейинки аралыктарын жогорку тактыкта аныктаган. Ал жылдыздар системалары биздин Галактикадан тышкары жайгашкан Галактикалар деп аталат. Ошол мезгилден баштап Галактикадан тышкары астрономия өнүгө баштады. Ал эми 1929-ж. Э. Хаббл галактикалардын бизден алыстоо ылдамдыгы менен ага чейинки аралыктарынын өзара түздөн түз сызыктуу байланышы бар экендигин аныктап, спектрлердеги кызыл жылыш менен байланыштуулугун көрсөткөн. Ал ыкма аркылуу галактикаларга чейинки аралыктарды, алардын өлчөмүн жана массасын аныктоого жетишкен. 1963-ж. жылдыз сымал радионурлануу булагы ачылып, алар квазарлар деп аталат. Алардын саны азыркы күндө бир миллиондон ашып кетти. Өтө жарык квазарлар 12,6m жылдыз чоңдугуна ээ болуп, ал бизден 3 млрд жарык жылындагы аралыкта жайгашып, каталогдо 3С273 менен белгиленген. Анын жаркырактыгы Андромеда галактикасынан 500 эсе жарык. Галактикадан тышкары астрономия галактика дүйнөсү да жылдыздар дүйнөсү сыяктуу өтө ар түрдүү боло тургандыгын аныктады.М. Токтогулов.

Колдонулган адабияттар түзөтүү