Галактика ядросу — Галактиканын Саманчы жолунун орто сызыгына дал келүүчү борбору. Галактика тегиздиги асман сферасын чоң тегерек боюнча кесип өтөт, алгалактика экватору деп аталат. Жылдыздар чогулмасы галактика ядросун көздөй көбөйөт, ошондой эле Галактика тегиздигинде көп топтолот. Галактика ядросу асман сферасында болжол менен 30°х20° аянтты ээлейт, башкача айтканда өлчөмү бир нече килопарсекке (кпс) жетет. Галактика ядросунун түзүлүшү татаал жана жылдыз аралык жутулуу күчтүү болгондуктан, Галактиканын борбордук бөлүгүн изилдөө кыйын.

Колдонулган адабияттар түзөтүү