Галенит
Галенит - (лат. galena коргошун кенташы), коргошун жалтырагы коргошун сульфиди, минерал. Химиялык формуласы – PbS. Куб сингониясында кристаллданат.Өңү боз, металлдай жаркырак. Катуулугу Моос шкаласыбоюнча 2-3; тыгыздыгы 7,4-7,6 г/см3. Гидротерм жана метасоматоз жолу менен пайда болот. Галениткоргошун алынуучу негизги кенташ.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4