Галинский Василий Григорьевич

Галинский Василий Григорьевич 1938-жылы Киев облусундагы, Богуслов районунун Тептиевка айылында туулган.

  • 1949-жылы ата-энеси менен Октябрь кыштагына көчүп келишип, Мичурин атындагы мектепке окууга кирет.
  • Мектепти бүткөндөн кийин, “Калинин” колхозунда тракторист болуп эмгектене баштайт.
  • 1956-жылы Жалал-Абад шаарындагы КТУнун(кесиптик-техникалык окуу жайы) кеңири профилдеги тракторист-машинист кесибин окуп бүтүрөт да, Октябрь кыштагындагы МТС ке(машина-трактор станциясы) тракторист болуп жумушка орношот.
  • 1960-жылы Токмок шаарындагы механизаторлордун техникумуна окууга тапшырып, ийгиликтүү аяктап келет.
  • 1965-1975-жылдары “Дружба”совхозунун айыл- чарба техникаларынын мастерскоюн жетекгеген.
  • 1975-жылдан 1985-жылга чейин “Тайгараев”совхозунун башкы инженери, андан 1988-жылга чейин “Дружба”совхозунун башкы инженери болуп эмгектенген.
  • Коммунисттик партиянын мүчөсү болгон.
  • Бир канча жолу “Дружба” совхозунун партиялык комитетине мүчө болуп шайланган.
  • 1988-жылдан 1991-жылга чейин совхоздун парткомунун секретары болуп иштеген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3