Галлахер, Уильям (25. 12. 1881— 12. 8. 1965) — Англиянын жана эл аралык жумушчу кыймылынын ишмери, Улуу Британия компартиясын негиздөөчүлөрдөн.

Жумушчунун үй-бүлөсүнөн. Биринчи дүйнөлүк согуш (1914—18) убагында күчөгөн фабрика-заводдук старосталардын кыймылына, Шотлан­дия кенчилеринин жана кеме куруучу жумушчулардын иш таштоолоруна жетекчилик кылган.

Бир нече жолу камалган. 1920-ж. Галлахер Москвага келип, Шотландия жумушчуларынын атынан Коминтерндин 2-конгрессине катышкан. 1921-ж. Улуу Британия компартиясына кирип, ошол эле жылы БКнын мүчөсү жана БКнын Саясий бюросунун мүчөлүгүнө шайланган.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.