Галлей кометасы — жарык комета. Англиялык астроном Э. Галлейдин ысмынан. Ал 1-жолу (1705) асман мейкиндигиндеги кометалар кыймылы жана алардын орбиталары параболага жакын экендигин байкаган. Эллипс орбитасы боюнча айланарын, Күнгө мезгили менен (ар 75-76 жылда) кайрылып турарын айткан. Ал 24 жарык кометанын орбитасын, андан ичкери1531-, 1607жана 1682-ж. көрүнгөн кометалардын орбиталарынын траекториясы окшош жана алар бир эле комета экендигин аныктаган. Ал 1758-ж. кайра келерин айткан. биздин заманга чейинки 446-жылдан 1909-жылга чейин 29 жолу көрүнгөн. 1910-ж. перигелий аркылуу өткөн. Акыркы жолу 1986-ж. Күнгө эң жакын аралыкта өткөнү телескоп аркылуу байкалган.

Галлей кометасы (1986-ж).

Колдонулган адабияттар түзөтүү