Галогенез - (гр. hаls туз жана...генез) кургакчыл зоналардагы туздуу суу бассейндеринде буулануунун натыйжасында оңой эрий турган туздардын пайда болуу процесси. Туздуу суунун топтолушу узак убакыт бою, ал эми туздун чөгүшү кыска мөөнөттө жүрөт. Галогенез курамындагы минералдар менен микроэлементтерге карай Химиялык үч негизги типке бөлүнөт: карбонаттуу (содалуу), сульфаттуу жана хлориддүү. Суу бассейндеринин пайда болушуна жараша континенттик жана деңиздик галогенез деп аталат. Галогенездин жүрүшү үчүн ариддик климат, бассейнге суунун (айрыкча деңиздик) кошулуп турушу, бирок андан агып чыкпашы, туз чөгүп жаткан аймактын ийилип турушу зарыл. Галогенезден туз катмарларынан башка дагы жер астында өтө туздуу суунун запасы пайда болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү