Гальваномагнит кубулуштары

Гальваномагнит кубулуштары — электр тогу өтүп жаткан металлдардын жана жарым өткөргүчтөрдүн электрдик касиетине магнит тааасынын тийгизген таасиринен пайда болгон кубулуштар.

Сов. физик П. Л. Капица өткөргүчтөрдү эң күчтуу магнит талаасына жайгаштырып, алардын каршылыктарынын өзгөрүшү магнит талаасынын чыңалышына түз пропорциялаш экенин аныктаган (1929). Негизги Гальваномагнит кубулуштарынын бири — Холл эффектиси.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.