Гамбург көтөрүлүшү (1923) — Гамбург пролетариатынын 23—25-октябрдагы куралдуу чыгышы.

1923- жылдагы революциялык кризистин күчөгөн шарттарында башталып, ага Э. Тельман жетекчилик кылган. Мурда даярдалган план боюнча Гамбург пролетариатынан кийин бүткүл окөнүн жумушчулары көтөрүлүшкө чыгууга тийиш болсо да тальгеймерчи-брандлерчи топтор ГКП БКнын чечимине моюн сунбай, Гамбург көтөрүлүшүн колдоосуз калтырган. Көтөрүлүш басылганы менен анын сабактары кийин ГКПнин чыныгы марксчыл-ленинчил күжүрмөн партияга айланышында чоң роль ойноду.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.