Гамета - (гр. gamētе - ургаачы, gamttēs - эркек) өсүмдүк жана жаныбардын жыныс клеткасы. Ал тукум куума белгилерди укумдан тукумга берет. Гамета хромосомалардын жалпы (гаплоид) жыйнагын алып жүрөт жанагаметогенез процессин камсыздайт. Уруктанууда эркек жана ургаачы гаметалар кошулуп, ата-эненин экөөнүн тең белгилерин алып жүрүүчү диплоиддүү зигота пайда болот. Зиготадан жаңы организм калыптанат. Ургаачы жыныс гаметасы энелик же жумуртка клеткасы, эркек жыныс гаметасы сперматозоид деп аталат. Энелик клетка кыймылсыз келет да, эркек гаметадан чоң болот. Сперматозоиддер чөйрөнүн шартын (температура, осмос басымы жана башка) өтө сезгич келет.

жумуртка клеткасы + сперматозоид.

Колдонулган адабияттар түзөтүү