Гамзатов Расул - (8. 9. 1923, Дагстан, Хунзах району, Цада айылы 3.11. 2003, Москва) авар акыны, коомдук ишмер, Дагстан эл акыны (1959), Социалдык Эмгек Баатыры (1974).

Расул Гамзатов.

Гамзат Цадасанын уулу. 1945-50-ж. Москвадагы М. Горький атындагы Адабият институтунда окуган. Ырлары 1937-жылдан жарыяланып, 1943-ж. туңгуч жыйнагы чыккан. «Биздин тоолор» (1947), «Менин жерим» (1948), «Тоолуктун мекени» (1950), «Улуу агам жөнүндө баян» (1952), «Дагстан жазы» (1955), «Жүрөгүм менин тоолордо» (1959) жыйнактарында, «Тоолук кыз» (1958) поэмасында Дагстандын жаңы турмушун, тоолуктардын психологиясындагы өзгөрүштөрдү, эл достугун даңазалаган. Граждандык пафос, улуттук жана интернационалдык көркөм салттардын айкалышы, назик юмор жана лиризм, социалдык сергектик, туулган жеринин табиятын, адамдардын ички дүйнөсүн жандили менен таасын сүрөттөө акындын поэзиясынын негизги өзгөчөлүгү. Анын «Мен туулган жыл» (1950; СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1952), «Бийик жылдыздар» (1962; Лениндик сыйл., 1963), «Жазуулар» (1963), «Жылдызга жылдыз кеп салат» (1964), «Мулат кыз» (1966), «Очок жанында» (1978) жыйнактары, «Менин Дагстаным» (1-2-китеби, 1968, 1971) лирикалык-философиялык повести белгилүү. Гамзатов балдар үчүн да чыгармалар жазган («Менин чоң атам», 1967). Гамзатовдун поэзиясы Дагстан элдеринин турмушуна арналып, ырларында Кавказ фольклорунун салттары сезилип турат. А. С. Пушкин, М. Ю. Лермонтов, В. В. Маяковский жана башкалардын чыгармаларын авар тилине которгон. Гамзатовдун ырлары чет тилдерге, андан ичкери кыргыз тилине да которулган. «Менин Дагстаным» повести акын А. Токтогуловдун котормосунда кыргыз окурмандарына кеңири белгилүү. СССР Жогорку Советине (6-9-шайланышынын) депутат. Үч Ленин, Октябрь Революциясы, Ыйык Андрей Первозванный (2003) ордендери жана медалдар мененсыйланган. Адабият: Огнев В. Расул Гамзатов. М., 1964; Антоколъский Л. У очага поэзии. М., 1972.

Колдонулган адабияттар түзөтүү